Мегакомду сактоо же сатуу жөнүндө адис жана жаран катары ой пикирим

Мегакомду сактоо же сатуу жөнүндө адис жана жаран катары ой пикирим

Көп адамдар Мегакомдун сатылуусу жөнүндө менин оюмду сурашат. Акыркы 4 жыл абакта отургандыктан, менде кеңири, ар тараптуу маалымат жок. Ошондуктан менин пикирим жеке тажрыйбама, билимиме, массалык маалымат каражаттарына чыкккан ачык маалыматка жана өзүм күбө болгон окуяларга таянат.

Мегакомдун сатылышын бийлик “иш начар, азыр сатпасак кийин таптакыр наркы чыкпай калат, мамлекет ишкананы башкара албайт жана мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө мыйзам Мегакомдун иштөөсүнө тоскоолдук кылууда,“ — деп негиздөөдө. Талдап көрөлү.

Азат Базаркулов, Мегакомдун бүгүнкү жетекчиси, телекоммуникация тармагында адис эмес, экономика же бизнес тармагында жетишкендиктери менен мурда байкалган эмес. Бирок эмнегедир 2010 — жылы ал Мегакомго сырттан башкаруучу болуп дайындалат. Сырттан башкаруучу деген эмне? Убактылуу өкмөттүн декретине ылайык, улутташтырылган ишканаларда мамлекеттин кызыкчылыгын көзөмөлдөө үчүн сырттан башкаруучулар дайындалат. Алардын (сырттан башкаруучунун) колу койулмайын, бир дагы документ мыйзам күчүнө кирбейт. Башкача айтканда, директор ким болбосун, сырттан башкаруучунун макулдугу жок бир дагы келишим, же бир дагы акча которуу ишке ашырылбайт. Сырттан башкаруучу ишканага толук көзөмөл жүргүзөт.

2012 — жылы Азамат Мурзалиев камакка алынгандан кийин Азат Базаркулов Мегакомго генералдык директор болуп дайындалат да, сырттан башкаруучу кызматын жоюп салат. Мына бир канча жылдан бери бийлик Мегакомдун иши жылдан жылга начарлап баратканын айтып келет, бирок дареметсиз жетекчи А. Базаркуловду иштен алуу оюна да келбейт. Бул эмнеликтен?

Эми карагылачы. Мыйзам боюнча Мамлекеттик Мүлктү Башкаруу фонду (ММБФ) ачык конкурс өткөрүп, кадрлар резервин түзүш керек. Конкурс өткөрүлөт. Өздөрүн жакшы көрсөткөн кесипкөй талапкерлер мамлекеттик ишканаларга жетекчи болуп дайындалат. Бул иш ачык- айкын жүргүзүлөт. Бирок, Мегакомдон башкаларда. ММБФ Мегаком боюнча дайыма көмүскө иш алып барат. Жалпы эрежеден сырткары өзгөчө мамиленин сыры эмнеде?

Жарыяланган статистикага ылайык, Билайнга салыштырмалуу Мегакомдун дүң кирешеси көбүрөөк болгону менен, таза кирешеси аз. Логика боюнча, сатуулар канчалык көп болсо, пайда да ошончолук көп болуш керек. Мегакомдо тескерисинче. Бирок ММБФти мындай нерсе тынчсыздандырбайт. Мыйзамга ылайык, мындай учурларда ММБФ эсептөө палатасына кайрылып, эффективдүүлүк аудитин өткөрүшү керек. Ошондой текшерүүдөн эмне үчүн чыгашалар көбөйүп кеткендиги аныкталмак. Бирок ММБФ мындай текшерүүгө демилгечи болбой эле. Эмнеликтен?

Азат Базаркулов менен биринчи жолу таанышканым эсимде. 2010 — жылдын дүрбөлөңдүү айлары. Тааныштар адис катары уюлдук байланыш боюнча кеңеш сурашты. Ошондо Азат өзүн Ата-Мекен партиясынан Мегакомго “смотрящий” катары тааныштырып, уюлдук байланыш кантип иштээрин түшүндүрүп берүүмдү суранды. Бул татаал нерсе, анын негизин түшүнүү үчүн 5 жыл окуш керектигин айттым. Болбоду. Ошондо бир баракка жалпы топологияны тарта баштадым. MSC, BSC, BTS, интерконнект, биллинг… Албетте, 15 мүнөттүк экспресс сабактан эч майнап чыкпайт. Ошондо Азат бир гана суроо берди. Мегакомдо акча кайда? Эми мен Мегакомдун ишин ичинен билбейм, андыктан акча кайда экенин айта албайм. Ошону менен сөз бүттү. Ата-Мекен партиясынын реакциясын утурлап: мен өз кулагым менен укканыма гана күбөмүн.

Олег Панкратовдун айтуусу боюнча мамлекеттик сатып алуулар боюнча мыйзам Мегакомдун иштөөсүнө тоскоолдук кылат имиш. Ошондуктан Мегакомду сатуу керек дейт. Менде мындай суроо туулат: эмнеликтен ал мыйзам Мегакомдун гана ишине тоскоолдук кылат? Башка ишканаларга тоскоолдук кылбайбы? А эгер мыйзам начар болсо анда экономика министрлиги ошол мыйзамга өзгөртүү киргизүү демилгесин көтөрсө, анда түшүнүктүү болот эле. Ии, мына, бизнес чөйрөсүндө кызматты жакшыртуу аракетин көрүп жатат демекпиз. Ал эми буларда мыйзам жаман, ошондуктан Мегакомду сатыш керек. Түшүнүксүз. О. Панкратовдун ой-түпкүрүндө эмне бар болду экен?

Бизде кимдер көп? “Серепчилер” көп. Билсе — билбесе да сереп салып, сыналгыга чыга калат. Ошондой “серепчилер” үн трафиги азайды, азыр интернет, ботсап (wats up) тараган, уюлдук операторлорго кыйын болот, ошондуктан Мегакомду азыр сатуу негиздүү, бул туура иш дешет. Эгерде чындап эле ушундай болсо, анда бүт өлкөлөрдөгү уюлдук операторлор сатыкка коюлмак. Андай эч нерсе байкалбайт го? Андан көрө ошол “серепчилер” бүгүнкү жетекчиликте технология, инновация дегенди түшүнгөндөр жок, ошондуктан алар Мегакомду иштете алышпайт, иштете албаган соң сатууга аргасыз десе туура болмок. Чындыгында эле, бүгүнкү бийликте гаджетти толук кандуу түшүнүп, колдонгон адамды тапкылачы? Инновация деген эмне экенин билбегендер кантип биздин өлкөнү инновациялык өнүгүү жолу менен жетектей алсын? Алтынчы айфон чөнтөгүндө бар болсо эле, а-а бул техниканы билет экен деп ойлобогула, көөдөнү жоктугунан алып жүрөт, эл көзүнө кыйын көрүнөйүн деп. Аны алтын саат же шакек сыяктуу эле өзүнүн байлык, мансабын көрсөтүү үчүн алып алган. Кеп технологиянын өзгөрүшүндө эмес, жетекчилердин акыл тайкысында.

Мына 2012 — жылы бизди камакка алганда АКС тин ошондогу жетекчиси Бектен Сыдыгалиев сыналгыдан түшпөй калган. Коррупция, коррупция деп эле бир таблицаларды көрсөтөт, анын маанисин өзү да билбейт, журналисттери да билбейт, армагедон өзүнчө эле. Ошондо эл ишенип алган эле. Беш жылга кетти, мен эмес, менден кыйындардын далайына өкүм чыкты. Илээше турган бир нерсеси болсо, эмдигиче эле кесип жиберишмек. Эч нерсе жогунан соту жок жөн эле камап отурушат.

Ошондо Президент Атамбаев интервью берди эле: Абеков коррупционер, ал түрмөдө отуруш керек деп. Мамлекеттик репрессиялык аппарат бул сөздү буйрук катары кабыл алды. Сөзгө тартып, түшүндүрөйүн десең эле: баарын билип турам, бирок “биринчинин” жеке көзөмөлүндө, башымды алып салат дешет. Эске салсак, кааттуу 37- жылдары ушул эле чекисттер “биринчинин” көзөмөлүндөгү буйрук деп туруп Иса Ахунбаевди 2 жыл камашкан (кийин өздөрү барып ошол кишинин колунан дартынан айыгышкан), Сергей Королев 5 жыл ГУЛАГда өткөргөн (кийин ал киши космоско биринчи ракетаны учурган), Аалы Токомбаев, Кожомкул баатыр … дегеле койчу, баш көтөргөндүн баары. Ошол жылдардын тарыхынан эмнени билгим келет? Касым Тыныстановдун, Төрөкул Айтматовдун, башкалардын атылып кеткенинин чыныгы себеби эмнеде? Заман өзгөрдү, демократия, акыйкаттык… контора болсо баягы эле контора. Жүрөгү менен чыныгы чекист бирөө болсо, жанында отузу мансап кууп келген.

2011 — жылы эстесеңер А. Силич Мегакомдун кеңсесин бир суткага жакын убакыт басып алган. Ошондо А. Силичти коштоп баш прокуратура менен УКМК кызматкерлери келген. Ал эми Азамат Мурзалиевге ИИМ кызматкерлери колдоо көрсөткөн. Ал окуя К. Байболовдун (ошондо Баш прокурор) иштен четтөөсү (отставкасы) жана А. Силичтин Кыргызстандан качып кетүүсү менен бүткөн. Кийин 2012 — жылы УКМК А. Мурзалиевди камакка алып, Азат Базаркуловду Мегакомдун баш мүдүрү кылат. Базаркулов 2010 — жылы сырткы көзөмөлдөөчү болуп турганда Силичке кошулуп Мегакомду эңшерткенине карабастан аны кайра жетекчи кылып дайындашат. Кимдин крышасы ким экени түшүнүктүү болдубу? Бул иштерде эч кандай кылмыштуулук менен күрөшүү жок, болгону Мегакомго таасир үчүн талаш.

Мегакомдун тегерегинде дагы бир көңүл бура турган нерсе — Кыгыз Мобайл Компани (КМК). Ал 2012 — жылы ошондогу мамлекеттик байланыш агенттигин жетектеген А. Кадыркуловдун демилгеси менен түзүлөт. Ээси, мүлкү, каражаты, эч нерсеси жок фирмага лицензиялар менен жыштыктар берилет. Бул канчалык мыйзамдуу? Башка бир бечара да лицензия сурап барса береби? Андай лицензиялоонун кереги эмне?

Мейли лицензия менен жыштыкты берди. Андан соң ММБФ Кыргызмобайл компанини үч жолу сатыкка коет. Бир да кардар келбейт. Казакстандан инвестиция тартабыз деп, Самрук- Казынага сунуш кылат. Кызыкпайт. Эмнеге? Себеби КМКга бөлүнгөн жыштыктар жарыбаган оокат, аты эле бар. Анча жыштык менен бизнес кылуу мүмкүн эмес. Анын үстүнө сураган баасы асманды тирейт.

Кийин А. Кадыркулов ММБФке жетекчи болуп дайындалат. Өзү баштаган КМКдан кутулуунун бирден-бир жолу — Мегакомго сатып жиберүү. Ошентип 2015 жылдын 30 — июнь күнү Мегаком КМКнын 75% ин 517,7 миллион сомго сатып алат. Ойлогулачы, эркин базарда башкалар бир сом бербеген нерсени жарым миллиардга сатып алат деген эмне? Ошол сумманын ичинде Кыргызтелекомго 200 миллион, ал эми ММБФ өзүнө 14,7 миллион сом түшүрөт. Баары жыргады, бирок ошондон кийин Мегаком баш көтөргүс абалда калды. Ошентип, бийлик Мегакомдун түбүнө жетти.

Сүйүнчүсүнө ММБФ Мегакомдун жетекчилигине сыйлык ыйгарды. Мактоо грамотасына: ”Биргелешкен тапшырмаларды ишке ийгиликтүү ашырганы үчүн…” Ал эмне деген сырдуу биргелешкен тапшырмалар? Эгер ММБФ “кирешени көбөйткөндүгү үчүн”, деп сыйлык берсе түшүнөт элем. Ал эми бул жерде коопсуздукту камсыздоо кызматкерлери менен ММБФтин эмне сырдуу иштери бар?

Эгер ММБФ башка мамлекеттик ишканаларды да ушинтип жетектеп жатса, анда күнүбүздүн бүткөнү ушул.

КМКны сатып алгандан кийин көп узабай парламентте А. Базаркулов аны иштетүүгө каражат жоктугун айтып чыкты. КМКны иштетүүгө акчаң болбосо 500 миллионго сатып алып эмне кыласың? Бир аялды бага албай туруп, үчүнчүсүн алып эмне?

Темир Сариев Мегакомду сатуу үчүн ушуну менен үч жолу Парламенттин уруксатын алды. Алгачкы эки жолу аукцион болбой калды. Бирок мамлекеттик бюджетке дээрлик 17 миллион сом зыян келтирди. Кантип? Оңой эле: Мегакомдун 49 пайызын сатпасак болбой калды деп парламентке барат. Депутаттарды ары-бери чайкап, алардын макулдугун алат. Андан соң ошол 49 пайызды баалоо үчүн All-Star жана Эрнст энд Янг компанияларына эки жолу, бардыгы 16 887 850 сом төлөйт. Бирок Мегакомду сатпайт. Эмнеге сатпайт? Себеби андай сатуу мыйзамсыз. Эч ким сатып албайт. Сатуу мыйзамсыз экенин билип туруп, эмне үчүн Т. Сариев парламентте аны айтпайт? Эгер депутаттар мыйзам бузуу бар экенин билсе анда макулдук берет беле? Мындай иш эки катар болуп өттү. Шылуундукка окшобойбу?

Акыркы, үчүнчү жолу сатыкка коюлушу да канчалык мыйзамдуу экенине кепилдик жок. Бирок парламент макулдугун берген, кербен жыла берет. Бүгүнкү депутаттардан сурасаң “биз эмес, мурунку парламент болчу”, деп суудан кургак чыгат.

Бул факты боюнча укук коргоо органдарына кайрылганбыз. Баш прокуратура карап “эч кандай кылмыш жок” деген бүтүмгө келди. Мамлекеттик бюджет 17 миллион сом чыгашага учураса да “кылмыш жок”. Ошол эле мезгилде 3000 сом чыгаша үчүн “коррупция” деп баса калышат. Бу кандай?

Жакында бийлик төбөлдөрү “Мегакомдун сатылышынан түшкөн акчага жол оңдойбуз”, — деп жар салды. Албетте, бирден бир иштеп турган мекемени сатып, акчаны асфальт менен көмүп койгондон артык кандай ой болсун? Кийин топурак казып ал акчаны издеп көр.

Ошентип, өзүңөр байкагандай, Мегакомдун бүгүнкү аянычтуу абалына бийлик бир катар жылдардан бери системалуу каталык кетирүү менен келди. Бул процесс баш аламандык менен болдубу же бирөө атайлап ушул абалга алып келдиби? Билбейм. Чуулгандуу иш менен кимдердин аты чыкканын айтып бердим. Көп нерсени мен да билбейм.

Болоору болду. Бирөөнүн артынан чукуламай — ал тергөөчүлөрдүн иши. Мени келечек ойлонтот. Сатуу керекпи же жокпу? Кандай кылсак эртеңки күнү өкүнбөйбүз?

Мегакомдун бүгүнкү финансалык абалын эске алсак, маселени чечмелөө өтө оор. Бирок, кандай болгондо да, эгер мен чечим кабыл алсам, саттырмак эмесмин. Сатып жиберүү — бул өнүгүү жолу эмес. Ата катары балдарымдын эсинде мародер коммерсант болбой, новатор, куруучу, прогрессивдүү адам катары калгым келет. Андыктан, негизине чейин урап калса да, кайра куруп, жандандыруу туура иш.

Албетте, колуңан башка эч нерсе келбесе, башты оорутпай сатып жиберген туурабы? Эл жакшылары, оюңарды айткылачы?

Адис катары айтарым: Мегакомдун өндүрүштүк, инновациялык потенциалы абдан зор. Мен аны ичинен билем. Өзүнүн инвестициялык долбоорлорун Мегаком өзү эле каржылай алат. Болгону жетекчиликке кесипкөй адамды дайындоо керек. Анан да бийлик жок дегенде бир нече жыл Мегакомдун канын соргонду токтотушу керек. Кан сорбосо, өзү эле оңолуп кетет.

Мегакомдун аркасы менен бир катар улуттук деңгээлде маанилүү долбоорлорду ишке ашырса болот. Мисалы:

  • Санарип телеберүүсүнө өтүү. Бул долбоорду Мегаком бир кыйла жогорку сапатта ишке ашыра алмак (Кыргызтелекомго караганда), себеби адистери да, каражаттары да бар. Дүйнөлүк тренд ошондой. Азыр операторлор жалаң гана телефон байланыш менен чектелбестен, мульти кызматтык тармактарды курууда. Анда үн, смс, ммс, интернет, радио, телеберүү… бардык кызматтар бир тармактын ичине камтылган. Бизде болсо же санарип жок, же Мегакому жок.
  • Телемедицина. Сыналгы же уюлдук телефон аркылуу медициналык кызмат көрсөтүү. Актуалдуу маселе эмеспи
  • Алиппе ТВ долбоорун улантып, телекоммуникация технологиялары аркылуу билим берүүнү өнүктүрүү. Кайтарым байланыш, интерактив, мультимедиа, онлайн баалоо, адаттык билим берүү менен тыгыз интеграция болмоюн Алиппе ТВ толук кандуу ийгиликтүү боло албайт. Бирок долбоор ойдогудай ишке ашса, анан көрүп ал, Кыргызстандагы билим берүү системасына алдыңкы өлкөлөр суктанат. Билимдүү жана маданияттуу келечек муун. Биздин максат ушубу же асафльтпы?
  • Мегакомдун негизинде DVB-MRC технологиясын өздөштүрүү. Татаал нерсе, эки сөз менен түшүндүрүү кыйын, ал үчүн өзүнчө макала жазайын. Бирок, жыйынтыгында телеберүү түп тамырынан бери өзгөрөт. Мисалы, түз ободо өз оюн билдирүү үчүн телефон чалуу же смс-тин кереги жок. Колуңуздагы пульттун кызыл же жашыл тергичин басып койуу жетиштүү. Ала-Тоо программасы учурунда кайсы бир жаңылык жакса же жакпаса “лайк” же “дислайк” билдирсеңиз болот. Ал статистика түз ободо экранга чыгат. Ошондо калың эл өз оюн митингге чыкпай эле үйдө отуруп, сыналгы аркылуу билдирсе болот.

     

    Анан да, бош убакта Нарындык аксакал Баткендик курдашы менен сыналгы аркылуу шахмат ойносо болот. Укмуштай көрүнөбү? Инновациялык технология деген ушу.

    Эки жол бар: Мегакомду сатып жиберсе болот, же ушул байлыкты акыл менен пайдаланып, инновациялык жол менен өнүксөк болот. Эмне кылалы?

    Алмаз Абеков

     

     

Добавить комментарий:

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.