Келерки президенттик шайлоодо мен өз талапкерлигимди коюуну чечтим

Келерки президенттик шайлоодо мен өз талапкерлигимди коюуну чечтим. Эл колдоо көрсөтсө, билимим, тажрыйбам, эмгегим менен Кыргызстандын мындан ары өнүгүүсүнө жаңы дем, жаңы багыт бере алам, деп ойлойм. Шайлоого чыгаарымды жарыялоо менен кийинки Президент кандай адам болушу керек, анын ишмердүүлүк багыттары жана өлкөнү өнүктүрүү стратегиясы боюнча өз ойлорум менен бөлүшүүнү туура таптым.

__________________  1  __________________

Өзүбүз акыркы убакта күбө болгондой, эгер Президент тигил, же бул саясий партиядан көрсөтүлсө, анда бул бийликти узурпациялоого алып келет, себеби, Парламент көпчүлүгү, Президент, Премьер-Министр, Жогорку сот, Баш прокурор… баары бир жаат болуп калат. Мурда жеке, үй-бүлөлүк узурпация болсо, азыр партиялык, же саясий топтун бийликте үстөмдүк кылышын көрүп турабыз. Тең салмактуулук жок. Бийликтин үч бутагында тең салмактуулук сакталышы үчүн Президент ортодо калыс, кырдаалды байкай билген, стратегиялык көз жүгүртүүсү менен айырмаланган, элдин ишенимине ээ, Парламентте саясий партиялардын тең шартта атаандашуусуна шарт түзүп, ошол эле убакта алардын күнүмдүк ишмердүүлүгүнө түз кийлигишпеген адам болушу керек. Ошондо накта парламенттик башкаруу бийлиги болот.

Ошону менен бирге, Президент ниети ак, жүрүм-туруму кынтыксыз, ою так жана тунук, иш-аракеттери көрүнүктүү адам болушу керек.

Мен эч убакта, эч бир партиянын мүчөсү болгон эмесмин. Андыктан, ар бир саясий күч менен тең, ачык жана конструктивдүү диалог жүргүзө алам. Бул сүйлөшүүлөрдө мен кыргыз мамлекетинин жана Кыргызстан элинин кызыкчылыгын гана көздөйм;

__________________  2  __________________

Менин оюмча кийинки Президент эл алдында «Акаевчи», «Бакиевчи», же «Атамбаевдин мураскору», деген атка калбаган, саясий орбитада жаңы адам болушу керек. Бийликти мансап көрбөгөн, бийлик менен булганбаган, жаңы дүйнө таанымы, келечекке жаңы көз карашы, идеялары бар адам болушу керек, деп ойлойм. Мындай адам элдин үмүтүн актап, бүгүнкү бийликтин менталитетин өзгөртө алат.

Мага мөөр тагуу мүмкүн эмес, эки бийлик жактырбай басынтса, үчүнчүсү келээри менен каматып, эмдигиче кармап отурат. Мени эрктүү, жалтанбаган, үй-бүлөсүн ыйык туткан; мыйзамдан чыкпай ишкердүүлүк жүргүзгөн, кесипкөй адам катары билишет.

Мен бийликти тез жана эффективдүү иштөөгө үйрөтөм. Чиновниктер саны менен эмес, сапаты менен айырмаланышы керек. Заманбап технологияларды колдонуп иш алып барууда менин билимим, тажрыйбам арбын. Жолун билем;

__________________  3  __________________

Парламенттик башкаруу болгон соң, Конституциянын 60-беренесинде көрсөтүлгөндөй, эл менен мамлекеттик бийликтин биримдигин чагылдырып, Президент бийликти өз тегерегине курчабастан, тескерисинче, бийликтин үч бутагы: мыйзам чыгаруу, аткаруу жана сот бийликтеринин алгылуу иштешине шарт түзүүнү көздөшү керек. Президенттин ишмердүүлүгү бийлик чакан, кесипкөй жана эффективдүү болушуна багытталышы керек. Өз милдетине жараша, укуктары менен пайдаланып, Президент мыйзамдар жөнөкөй жана карапайым элге түшүнүктүү, жеткиликтүү болушун камсыздоону көздөп, ошол эле учурда Парламенттин, же Өкмөттүн күнүмдүк ишине кийлигишпеши керек.

Ал үчүн эл агартууга өзгөчө көңүл бөлүп, чиновниктердин укуктук билим деңгээлин көтөрүп, алардын менталитетин өзгөртүү керек. Мен бийликтин күнүмдүк ишине кийлигишпей, бирок, ортодо арбитр болуп, талапты жогорулатып, Конституция чегинде өнүгүүнүн жаңы багыттарына жол баштайм.

Бүгүнкү күндө Кыргызстанда 49 миңден ашык түрдүү мыйзамдар өз күчүндө. Анын баарын билген бирөө барбы? Орто статистика боюнча Парламент менен Өкмөт күнүгө 4 жаңы мыйзам чыгарат. Саны бар, сапаты жок. Өз мыйзамдары менен өздөрү алек, эл өз оокаты менен алек. Мыйзамдардагы карама-каршылыктарды жоюу, аларды жөнөкөйлөтүү, компьютерлештирүү жана жарандарга жеткиликтүү кылуу жолдорун изилдеп, ыкмасын таап, убагында «Маалымат доорундагы санарип мыйзамдар» китебин чыгаргам. Билгеним бар, аракет көрөбүз;

__________________  4  __________________

Кыргызстандыктар үчүн бирден-бир көйгөй, бул демократиялык негизде накта элдик бийликти орнотуу. Бул максатка жетүү үчүн эки багытта иш алып баруу керек:

    1. Эл агартуу аркылуу калың элди мамлекеттик башкарууга, оңой эмес чечимдерди биргелешип, кеңешип кабыл алууга тартуу. Ар бир жаранды ой жүгүртүүгө, ойлонуп чечим кабыл алууга жана өз добушуна жоопкерчилик менен мамиле кылууга үйрөтүү;
    2. ЭлДо системасын мамлекеттик башкаруунун ажырагыс бөлүгү кылып бекитүү.

ЭлДо, бул түз ободо маселени кеңири талкуулап, кайтарым байланыш аркылуу элдин пикирин алып, экрандарда түз ободо чагылдырып, биргелешип талкуу жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн түзгөн система. ЭлДо аркылуу ар-бир жаран өз үйүндө отуруп эле, сыналгы аркылуу талкууга катышып, өз пикирин билдире алат. Бул менин ойлоп табуум. Дүйнөдө мындай жок. ЭлДо жөнүндө өзүнчө макала гезиттерге чыккан.

Президент катары мен өзүм, туруктуу негизде, баардык орчундуу маселелерди калың эл менен талкуулап, түшүндүрүп, жалпы элдин колдоосу менен гана иш жүргүзөм. Ар бир жаран менен Президенттин түз байланышы туруктуу негизде болот. 2020-жылга чейин ЭлДо күч алып, анын мыйзам чыгаруу процессинин бир бөлүгү кылып мыйзамдаштырууну көздөйм.

Ошондо Кыргызстан дүйнөдө биринчи болуп түздөн-түз элдик демократиянын негизинде мамлекеттик башкарууну кайра жандандырган мамлекет болот. Бийлик туруктуу негизде элдин колунда болот. Мындай мүмкүнчүлүктү ишке ашыра аларыбызга ишенем;

__________________  5  __________________

Мамлекеттин туруктуулугу, эл аралык аброю жогору болушу үчүн сот системасы чындап калыс, көз карандысыз, компетенттүү болушу керек. Ансыз биз укуктук мамлекет катары эл аралык деңгээлге чыгып, инвесторлорду тарта албайбыз.

Бүгүнкү сот системасы бийликтегилердин кызыкчылыгын көздөйт. 4,5 жыл камакта отуруп, судьялардын мыйзам нугунан чыкпай иш алып баруусу үчүн күрөшүп отуруп, Баш прокуратура менен тирешип отуруп, бул система канчалык чирип кеткенине мен өзүм күбөмүн.

Сот системасында накта мыйзамдуулукту камсыздоо үчүн азыркы калыптанып калган карым-катнаштарды өзгөртүп, жаңыларын түзүп, туура нукка буруп, радикалдуу чара көрүү керек. Судьялар кеңешин реалдуу, максатка ылайык, таза, ачык-айкын иштешин камсыздоо зарыл.

Саясий күчтөр, бизнес же башка аткаминерлер менен нан бөлүшкөн карым-катнашым жок, андыктан соттордун көз карандысыздыгын, мыйзамдуулукту камсыздоого эрким жетет. Бул жаатта соттордун, Судьялар кеңешинин ишинде ачыктыкты камсыз кылуу зарыл. ЭлДо аркылуу баарын ачык көрүп, судьялардын ишине калың эл өзү баа берет. Эл пикирине жараша, демократиялык негизде чара көрүлөт;

__________________  6  __________________

Кыргызстандын өнүгүүсү интеллектуалдык жана маданий багытта болуш керек. Ата-бабаларыбыздын мурасын унутпай, биз, Кыргызстан эли, өз баалуулуктарыбызды кайра карап чыгышыбыз керек. Менин түшүнүгүмдө нукура байлык хан-сарайда, жеп-ичкенде, оюн-зоок кумарланууда эмес. Нукура байлык адамдын ички дүйнөсү, айлана-чөйрөсү менен гармонияда өмүр сүрүп, Жараткандын, чексиз Дүйнөнүн кереметин таанып билүүсүндө. Нукура байлык сыртта эмес, адамдын ички дүйнөсүндө. Ички дүйнөсү бай адам ысык-суукту, ач-токту тең көтөрөт; бийликке жетсе акыл-эсин жоготпойт, мансапка алдырып, сакалдуудан мурда төргө отуруп албайт; алтын такта учуп кетпейт, түрмөдө чөгүп кетпейт; бул дүйнөдө да, тиги дүйнөдө да өзүнүн татыктуу ордун табат. Кайсы жерде болбосун, көңүлү ток, адамдык сапатын жоготпой бир калыпта жүрөт.

Ошондуктан, менин түшүнүгүмдө маданият ыр-бий менен гана чектелбестен, адамдын дүйнө таанымын бүт камтыш керек. Мындай дүйнө тааным илимге, ишенимге жана аң-сезимге таянышы керек;

__________________  7  __________________

Дүйнө элдеринин арасында Кыргызстандын орду – бул дили ак, бейкут, айлана-чөйрө менен гармонияда, бакубаттулукта өмүр сүргөн калк. Мен ошондой өлкөдө жашагым келет. Биз урпактарыбызга ошондой Кыргызстанды калтырышыбыз керек. Ал үчүн мен билимимди, тажрыйбамды, эмгегимди аябайм.


Мен эч бир партия, бизнес-чөйрө, саясий күч же кландар менен шериктештик түзбөйм. Мен үчүн бир гана Кыргызстан мамлекети жана жалпы, бирдиктүү Кыргызстан элинин кызыкчылыгында кызмат кылуу милдети бар.

Жараткан күч кубат берип, жүрөктүн тазалыгын сактасын!

Алмаз Абеков

Добавить комментарий:

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *