Депутат Галина Скрипкинанын жообу Парламентти шерменде кылат

Мындан бир канча убакыт мурун Жогорку Кеңешке Кылмыш-Процессуалдык кодексинин бир нече беренелерине түшүндүрмө берүү суранычы менен кайрылгам. Ошого жооп алдым. Галина Скрипкина, Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш жана Регламент комитетинин төрайымы, мындай жооп берет:

Биз мыйзамдарды кабыл алабыз. Мыйзамга түшүндүрмөнү ошол мыйзамды кабыл алган мамлекеттик орган берет. Кылмыш-Процессуалдык кодексин биз кабыл алганбыз, түшүндүрмө беришибиз керек, бирок, бере албайбыз, себеби, ошондой түшүндүрмө берүү укугун өзүбүзгө ыйгаруу үчүн алгач тиешелүү мыйзамга өзгөртүү киргизишибиз керек, себеби, биз мыйзамды бузууга укугубуз жок.

Кыскасы, Г. Скрипкинаны туура түшүнсөк: Мыйзамдарды чыгара беребиз, бирок, эмне мыйзам чыгарганыбызды түшүндүрө албайбыз, себеби, өзүбүз түшүнбөй калдык.

Чыгарган мыйзамын өзү түшүндүрө албаган бул эмне деген парламент?
Ал ортодо мен бир фактыны айта кетейин: Кыргызстанда бүгүн 49 миңден ашык ар кандай мыйзамдар, укуктук нормалар күчүндө. Алардын бирин бузсаңыз — айыпка тартыласыз. Билбейт элем, деп кутула албайсыз, себеби «мыйзамды билбегендик жоопкерчиликтен бошотпойт», деп жазылган. Дагы бир факт: Жогорку Кеңеш менен өкмөт күнүнө 4 жаңы мыйзам чыгарат. Элестеткиле, 49 миң мыйзамды өздөрү да билбейт, үстүнө кошуп, күнүгө 4 жаңы мыйзам… Биздин жашообузду күнүгө 4 мыйзам менен чектеп жатса, бийликтин ишмердүүлүгү чындап эле кыйын экен.., анын баарын түшүнүүгө кимдин эле мээси жетсин… Галина Скрипкинаныкы жообу туура, айла жок…

Менин Парламентке кайрылуум жана Г. Скрипкинанын жообу төмөнкү шилтемелерде:

  1. 267-берене боюнча суроо;
  2. 339-берене боюнча суроо;
  3. Г. Скрипкинанын жообу (1, 2)

Добавить комментарий:

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.