CASA 1000 долбоору жөнүндө ой

Саламатсыздарбы! Бүгүнкү макала CASA 1000 долбоору, мамлекеттик насыялар, энергетика тармагы жана логикага таянган иш-аракет жөнүндө болмокчу. Алгач, фактылар түрмөгү:

— Мына жакында, 11-майда премьер-министр С. Жээнбеков Тажикстанга барып, зор шаан-шөкөт менен CASA 1000 долбоорунун башталышы аземине катышып келди;

—  Аны коштоп, кумурскадай жайнаган «серепчилер» (тырмакчага алганымдын себебин түшүндүрөм) бул долбоорду мактап кирди. Эмне дейт:

—  Узундугу 477 чакырым 500 КВольт Датка-Худжант электр чубалгысын тартабыз;

— Долбоор үч жылда ишке ашат;

—  233 миллион доллар жеңилдетилген насыя алабыз;

—  Жылына 2 миллиард КВатт электр энергиясын Ооганстан менен Пакистанга 9-10 центтен сатабыз;

—  Ошондо жылына жуздогон миллион доллар киреше көрөбүз;

—   Насыя тез эле өзүн актайт, 100 пайыз кепилдик;

— Жаңы иш орундары түзүлөт…

Айтор, ой бир укмуштуудай жомок. Кыялыңыз асманга учуп кеттиби? Кой, тууган, жер менен басып, акыл менен иш кылалы. CASA 1000 долбоорунун башаты мындан 10-15 жыл мурда болгон. Ал кез кандай эле? Эстейли:

* Акаев Кыргызстанды «Швейцария» кылам, деп жүрчү;

* Токтогул көлүндө суу тартыштыгы байкалчу эмес;

* Кыргызстан жылына 2 миллиард КВатт энергияны кошуна мамлекеттерге экспортточу;

* Америка Ооганстандагы согуштан чыгууга камданып, терроризм коркунучун азайтуу үчүн бул өлкөнүн экономикасын жакшыртуу үчүн долбоорлорду караштырып жаткан эле…

Ооба, ал кезде экономикалык абал, кыргыз элитасынын дүйнө таанымы, келечекке үмүтү башка болчу.  Ал кез кетти, койбой кылчайып…..Бүгүн кандай? Эсиңерге сала кетейин:

* РусГидро менен биргеликте жогорку Нарын ГЭСтерин куруу келишими жокко чыкты. Ажырашкан жубайлар мүлк талашкандай, эми 36 миллион доллар кайда жоголгонун издеп жүрүшөт;

* Токтогул ГЭСи соо калган жалгыз агрегаты, улам жарылуудан эптеп аман калган көмөк чордону менен күн өткөрүп жүрөт;

* Электр энергиясынын жетишсиздигин толуктоо үчүн 2016-жылы 1 миллиард КВатт энергияны Тажикстан менен Казакстандан сатып алганы турабыз. Баасы 2,5-3 цент болчудай;

* Өкмөт электр энергиясына тарифтерди көтөрүүдөн коркот, андыктан, энергетикада каржылоо жетишсиз;

* Энергетиктердин маалыматы боюнча, бизде өндүрүлгөн электр энергиясынын өздүк наркы 2,57 сом (3,7 цент);

* Энергетиктердин буга чейинки алган насыялары  боюнча карызы 1,7 миллиард доллар, бул сумма Кыргызстандын тышкы карызынын жарымын түзөт.

Эми карагыла, өзүбүз жылына 1 миллиард КВатт электр энергиясын кошуналардан сатып алып жатып, CASA 1000 аркылуу кайсы энергияны сатканы турабыз? Же CASA 1000 долбоору үч жылда ишке ашкыча жаңы ГЭС куруп жиберебизби? Же биздин өкмөт энергияны тажик туугандардан 3 центтен алып, афгандарга 10-дон сатып, ортодо пайда көрөбүз, дейби? Андай кыла алса, анда мен өкмөттүн ишмердүүлүк дареметине баа берем, туруп кол чабам.

Дүйнөдөгү абалга көз салалы:

* Австралияда көмүр менен иштеген акыркы электр станциясы токтотулду. Себеби, альтернативдүү күн энергетикасы күч алып, экологиялык жактан таза энергиянын баасы кескин азайды. Экологиялык зыян үчүн төлөмдөр көбөйүп, айтор, көмүр электр станцияларынын доору бүттү. Биздикилер Кара-Кечеге ошондой курабыз, дейт, сурасак, бекер берет болуш керек;

* Кытайда өтө ири өлчөмдө электр энергиясынын ашыктыгы байкалууда. Жылына 1 400 Гига Ватт энергия өндүрүлсө, анын 300 Гига Ватты гидроэнергетика. Биздин баардык ГЭСтер 3,7 Гига Ватт берет. Башкача айтканда, ГЭСтер менен салыштырса, биздин мүмкүнчүлүк 100 эсе аз, ал эми жалпысынан алсак, 380 эсе аз. Ашык энергияны Кытай Европага жана кошуна мамлекеттерге экспорттоону көздөп турат. Ал үчүн Германияга чейин 800 КВольт электр чубалгысы курулмакчы. Эксперттердин баамында, бул долбоор ишке ашса, Европада электр энергиясынын баасы 2 эсе түшөт. Дүйнөдө электр энергиясынын баасы түшүп атса, биз тескерисинче, кымбаттата алабызбы?

* Ооганстан менен Пакистанга энергия экспорттоо Кытай үчүн кыйынчылык жаратпайт, себеби эки мамлекет менен тең жалпы чек арасы бар. Акчасы да бар, технологиясы, ишканалары, саясий эрки… баары бар. Биз Кытай менен атаандаша алабызбы?

* CASA 1000 долбоору менен бир катар Туркмөнстандан Ооганстанга 500 КВ электр чубалгысы курулууда;

* CASA 1000 долбоорунан сырткары Ооганстанда ГЭСтерди куруу пландары бар. Билсеңиз, Ооганстан да, Пакистан да тоолуу мамлекеттер;

* CASA 1000ге карабастан, бүгүнкү күндө Тажикстан менен Ооганстандын ортосунда мурда эле курулган 500 КВ электр чубалгысы бар. Ал аркылуу энергия экспорттолууда.

Кандай, CASA 1000 долбооруна көз карашыңыз өзгөрдүбү? Ооба, заман кыйын болуп турганда жеңил-желпи ой жүгүртүп, калп эле күпүлдөгөндүн кереги эмне? Ой, «укмуш» долбоор керек болсо, анда айга учуп, ошол жакта кыргыз айылын куруп, туристтерди тарталы. Эмне экен! Инвестиция келет, жаңы иш орундары ачылат, технология өсөт, кыргыздын аты чыгат… Атың чыкпаса, чөп өрттө, дечү беле? Ары жоктун оокатын кылбай, бул бийликтегилер ойлонуп иш кылса болбойбу? Ал ортодо парламенттик комитет CASA 1000 долбоорун жактырып, насыя алуу келишимин колдоду. Эми обу жок иштин карызын урпактарыбыз төлөйт окшойт. Бул карыз суверендуу карыз. Убагы келгенде толобосок , Кыргызстан жери, кен байлыктары, эгемендуулугу менен  жооп берет.

Кана, эл жакшылары, сакалдуулар, айткылачы, азыр колуңарга 2 пайыз үстөк менен 233 миллион доллар насыя берсе эмне кылат элеңер? Жок энергияны сатам, деп чубалгы тартат белеңиз, же башка бир пайдалуу нерсеге жумшайт белеңиз? Чубалгы тартам дегендер Ак үйдөн эле чыкпаса, калың эл күнөскана курмак, айыл-чарба техникасын алмак, санитардык лаборатория ачмак, заманбап технологияларды өздөштүрмөк, балдарын окутмак… айтор, бийликте жок дегенде бир эстүү адам болсо кана!

Ошентип, менин баамымда CASA 1000 долбоору болбогон иш. Мамлекеттин эсебинен насыя уурдап, акча тапмай. Кийинки муунга түйшүк. Көңүл кейигидей иш.

Бирок, ажообузга ишенели, келечегибиз кең, бүгүн болбосо да, эртең эле бактылуу доорго өтөбүз. Канча күн калды дейсизби? Ой, аны «серепчилер» кыйын билет, саатына чейин так айтып берет.

«Серепчилер» жөнүндө сөздү жыйынтыктап кетейин. Эл серепчини билимдүү, тажрыйбалуу, фактыларга таянып талдоо жүргүзө билген, аналитикалык ой жүгүртүүсү менен айырмаланган адам, деп түшүнөт. Жагалданып, ой-келди сүйлөгөндү кошоматчы дейт. Андыктан, журналисттер маек курганда серепчини-серепчи, кошоматчыны-кошоматчы, деп элге тааныштырса туура болоор эле.

Көңүл бөлгөнүңүзгө ыракмат, сизге жана жакындарыңызга тынчтык тилейм!

Өзүм болсо, баягыдай эле абакта. Былтыркы сентябрдан бери тынч. Судьям мени камап коюп окуусуна кеткен. Мейли, балким, эстүүрөөк болуп кайтаар. Байланыш баягыдай эле жактоочум Абаз Мамбетакунов аркылуу.

Саламатта болуңуз деп,

Алмаз Абеков

 

Редакциядан:

Макала басмага даярдалгыча, судья окуусунан кайтып, сот отуруму болгону белгилүү болду. Башка айыпталуучулардын жактоочулары келбегендиктен сот отуруму дагы эки жумага жылдырылыптыр. Ал ортодо Жогорку Кеңеште депутаттардын «эмне үчүн соттук териштирүү узарып, Алмаз Абековду 5 жылдан бери абакта кармап турасыңар?», деген суроосуна Жогорку соттун судьясы Г. Калиева: «Абеков өзүү күнөөлүү», деп жооп кайтарганынан, биз Алмаздын жактоочусу Абаз Мамбетакуновго суроо узаттык:

— Соттук териштирүүнү чындап эле силер атайлап создуктуруп жатасыңарбы?

Айтып кете турган болсо, иш тергоонун кемчилиги коп болгонуна байланышту чоюлуп башталды эле. Бир эки жыл отпой Соттун териштируусун прокуратура тарап чоюп, Абековдун укугун одоно бузуп, коп эрежелерди козго илбей, жогорку сот инстанциялага апеляциалык сунуш киргизип жарым жылдап ишти кароосун атайлап чойгон. Бишкек шаардык сот башка иш боюнча козомол иретинде берилген даттану менен Абековдун кылмыш ишин Жогорку сотко жиберип салып дагы жарым жыл созулду. Ушундай корунушто Абеков жана анын коргоочулары чоюп жатабы, же болбосо прокуратура менен сот тарап чоюп жатабы деген суроо туулат.

— Так мисал менен айтсаңыз, быйылкы сот отурумдарына ким канча жолу келбей калды, жана сот отуруму канча убакытка жылдырылды?

Сот териштируу иштери оз тартибинде журуш керек эле, бирок ишти биз жылдырып чойгонго мумкунчулук берилбейт, биринчиден сот тарабынан, экинчиден айыптоочу тараптан. Чынын айтып кетсе, коп укук бузууларды прокуратура тарап жазайт, а сот айыптоочу тараптын позициясын коргойт. Бир мисал айтып кетсем. Айыптоочу тарап сотко дагы кысым кылып (башкача тушундуруп бералбайм соттун иш аракетин), даттану келтирилбеген соттун токтомуна сунуш киргизет. Ошол эле маалда соттун катышуучуларын эскертпей Бишкек шаардык сотко сунушту кароого жиберет. Бишкек шаардык сот бир кундо кабыл алып, эртеси куну соттун отурумун дайындайт. Практикада бир дагы иш боюнча ушунча бат соттун кароосуна койгон болгон эмес. Сот прокуратуранын сунушунун сыртына чыгып, датталган эмес соттун токтомун жокко чыгарып Алмаз Абековду камака алган. Бул соттун чечими тушунуксуз, мыйзамсыз, улуттук жана эл аралык эрежелерге жооп бербейт.

— Сиздин тажрыйба боюнча башка сот отурумдары да ушундай алыска жылдырылабы?

Эми ар кандай болот…. Иш жургузуунун шартына ылайык…. Бирок мындай узак моонотко уланганы юридикалык практикада болгон эмес…. Мисал келтириш кыйын болот.

Суроо: — Сот башталбаганынын негизги себеби эмнеде?

Жооп: Эми, бул маселе боюнча коп жазылган, коп айтылган, жадагалса малекеттин башчысы дагы айтып кеткен. Бирок кылмыш иш материалынын негизинде, мамлекеткеби, же болбосо башка соттун катышуучуларынабы эч кандай зыян келкен эмес. Айыпты угузганда тергочунун жеке коз карашы менен эле зыян келтирилди деп айып коюлган. Бирок экономикалык кылмыш болгондуктан туздон туз далил болуп экспертизанын корутундусу болуш керек эле…. Тилеке каршы бул экспертизаны дагы жургузгондон тергоо кызматы баш тарткан. Буга эмне себеп болду деген суроо туулат? Тергоо кызматынын козу жеткен деп ойлойм, экспертиза жургузсо, эч кандай зыян табылбайт эле, Мегаком кампаниясына Мурзалиев А. жана анын кенешчиси А. Абековдун иш жургузгондо пайда болуп, кампания онукконго шарт тузулгон. Буга далил болуп Мегаком кампаниясынын отчету деле туздон туз корсотот….

Суроо:- Алмаз Абековдун абалы кандай?

Жооп:   — Алмазбек Абеков ички дуйносу кенен адам болгондуктан баардык маселеге философски мамиле кылат. Бирок ошо эле маалда 5 жылдан бери камакта отурган адамдын ден соолугу кандай болот деген суроолор туулат. Кун корбогон адамдын организими кальцийди кабыл албайт, баардык органдарына терс тасирин тийгизет….. Азыркы маалда озу корсотпосо дагы ден соолугу начарлаганы туздон туз корунуп турат. Биринчиден ички органдары толук кандуу иштебейт. Озунор ойлонуп корсонор…. Камакта отурган адамдарды тамак аш менен камсыздоо начар…. Витаминдуу, пайдалуу тамак аш жок….. Турмонун тилинде «баланда» деп коет, ошол тамак менен беш жыл чыдаган адамга кандай баа берсе болот?

Суроо:   — CASA1000 боюнча жазган макаласы, албетте, бийликке жакпайт, Алмазга абакта кысым күчөшү мүмкүнбү?

Жооп:  — Абеков камакта алынган кундон бери кысым болуп келатат. Андай кысымга Абековдун иммунитети пайда болду деп дагы айтсам болот. Мына жарым жылдан бери кысым корсотубу, же болболсо физикалык жоготоюн дедиби,  Абековду Бишкек шаарынын биринчи СИЗОсуна которгонго аракет коруудо. Эми биякта сот кана чечим кабыл алалат, ошондуктан сотко кысым корсотуп Абековду которгонго мажбур кылалабы деген масселе бар.

Албетте, Алмаздын Мегакомдун сатылышы жөнүндө, түздөн-түз демократия жана ЭлДо технологиясы жөнүндө, мына эми CASA1000 долбоору аркылуу ири акчалардын пайдасыз сарпталышы жөнүндө ачык айтылган ойлору бийликке жакпайт. Андыктан, Алмазга болгон бийликтин куугунтуктоосун саясий куугунтуктоо деп баамдайбыз

Ошол эле учурда Алмаз өз укуктарын колдонуп, эркиндик үчүн күрөшүн мыйзам чегинде кана жүргүзүп жаткандыгын белгилеп кетишибиз керек

Г. Калиеванын депутаттарга берген маалыматы боюнча биз ишти карап жаткан судьядан сураганыбызда, ал Калиеванын берген маалыматына эч тиешеси жоктугун, жана Биринчи май райондук соту Г. Калиевага эч кандай маалымат бербегендигин айтты. Г. Калиеванын Жогорку Кеңештин депутаттарына туура эмес маалымат бергендиги үчүн биз атайын кызматтык териштирүү өткөрүү арызы менен Жогорку сотко кайрылабыз.

 

Добавить комментарий:

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *