Алмаз Абековдун Жогорку соттун судьясы К. Эсенкановго жообу

Саламатсызбы, Качыке ага! Жакында мага, УКМКнын тергөө абагына Сизден кат келди. Бийикте жүргөн кыйын адамдар мага окшогон бечараларды да эскерет экен, деп, ичимен ыраазы болдум. 4,5 жылдан бери абакта отура берип, же соттук териштирүүнүн эч бир бүтпөгөнүнөнбү; же ушул арада абакта отуруп, кызымды күйөөгө берип, куда күтпөгөнүмөнбү; же төрт небере күтүп, аларды кучактап, көкөлөтүп ойнотпогонуманбы; жубайым, балдарым чет өлкөдө «саясий куугунтукка кабылган качкын» макамын алып, мага келе албаганынанбы… айтор, Жогорку Кеңештин депутаттарына кат жазган элем (аша чаап кетсем кечиресиз, «эми накта сазайын берем», деп каар чачсаңыз, анда менин күнүмдүн бүткөнү да…). Сиздин кат ошолордун бири, депутаттар М. Абдылдаевге жана А. Шыкмаматовго жообуңуз экен. Абдан нуска, көлөмдүү жооп бериптирсиз: «ар кандай процессуалдык себептерге байланыштуу жазык иши боюнча азыркы убакытка чейин негизинен чечим кабыл алынбаган», — деп. «Ар кандай процессуалдык себептер», деген табышмакты өздөрү билгендей түшүнүп алар, дедиңиз го. Туура. Кызмат-аброюңуз бар, сакалдуулугуңуз бар, өмүрлүк тажрыйбаңыз бар дегендей… анан ушунун баарына коркунуч келтирип, соттук териштирүү бүтпөгөнүнүн чыныгы себептерин кенен жазып, дагы бийликтин балээсине калып эмне!? Эптеп, тынч болгондун аракети. Туура, азыркы заманда ач кулактан – тынч кулак. Бирок, экинчи жагынан депутаттар толук маалымат алууга укуктуу, аларды да сыйлап коелу. Ошондуктан, Качыке байке, бул түйшүгүңүздү мен алайын. Болгонун болгондой жазып берейин. Сизге сөз тийбейт, бирдеме десе: «Ой, тиги чунактын кылганы!», деп, суудан кургак чыгасыз. Мага болсо, миң түйшүккө дагы бир түйшүк, Жогорку сотто сиз турганда түрмөдөн кууп жибермек беле! Атасынын көрү! Бир чети иниңиз экенмин, башкасы болбосо да, сөз эркиндиги менде бар. Айтпаса сөздүн атасы өлөт! Сиз үчүн бир туруп берейин!

Сизге бакубат жашоо болгону мага сүйүнүч. Төрдө сый көрүп, учага кирип, казы-карта кекиргенде дуба кылып, мени эстеп койсоңуз, балким, бул жактагы баланда жаш шорпо жыттанып калабы, ким билет…

Ошентип, туугандар, Жогорку соттун төрагасынын орун басары К. Эсенкановдун Жогорку Кеңештин депутаттары М. Абдылдаев жана А. Шыкмаматовдорго жазган жообунун нукура (толук) тексти:

 

Урматтуу Мыктыбек Юсупович!

Урматтуу Алмамбет Насырканович!

Сиздердин 2016-жылдын 18-майындагы чыгыш N12-11522/16 жана 2016-жылдын 19-майындагы чыгыш N12-9593/16 сандуу катыңыздарга төмөндөгүлөрдү билдиребиз.

Алмаз Абеков 2012-жылдын 30-январында УКМК тарабынан камакка алынган. Ошол учурда ал Мегакомдо кеңешчи болуп иштеген. Экономикалык бир канча беренелер боюнча кылмыш жасаган, деп шектелгенинен, Биринчи Май райондук соту 2 ай мөөнөт менен тергөө абагында кармоо чечимин чыгарган. Кийин тергөө мөөнөтү бир канча жолу узартылып отуруп, акыры тергөө учурунда А. Абеков 7 ай камакта отурган.

Иш сотко өткөрүлүп, териштирүү судья А. Субанкуловго тапшырылат. Тергөө учурунда келтирилген процессуалдык мыйзам бузууларды  көңүлгө алып, судья А. Субанкулов ишти кайтадан прокуратурага кемчиликтерди оңдоо үчүн жөнөтөт. Бул чечимге макул болбой, прокуратура жогорку инстанциядагы сотко даттануу менен кайрылат. Жогорку сот биротоло бүтүмүн 4 айдан кийин чыгарат. Ошентип, прокуратуранын даттануусунан А. Абеков 4 ай абакта отурат. Ошондо биз, Жогорку сот, бири-бирине карама-каршы келген эки чечим кабыл алууга мажбур болдук. Бир чечим менен тергөөчүнүн иш-аракеттерин мыйзамсыз, деп таптык, ал эми экинчи чечим менен, ошого карабастан А. Абеков соттоло берсин, деп чечтик. Бизге болгон кысымды ошондон билиңиздер, урматтуу депутаттар. Туура түшүнүңүздөр, сыртыбыздан мантия кийип, көз карандысыз үчүнчү бийлик болгонубуз менен, ичибизде карапайым эле пендебиз, төбөлдөргө, саясатка баш ийбесек айла жок.

Кийин иш судья К. Архарованын кароосуна өттү. Тергөө кемчиликтерин жоюу үчүн судья К. Архарова иш материалдарындагы 3 томду англис жана кытай тилдеринен орус тилине котортту. Мыйзамга ылайык сот материалдары мамлекеттик же расмий тилде болушу керек. Бул, албетте, УКМК тергөөчүлөрүнүн жана прокуратуранын кемчилиги, тагыраак айтканда шалаакылыгы, сотко материалдар кароого даяр келиши керек. Которуу жүргүчө А. Абеков дагы 4 ай камакта отурду.

Иш материалдары которулуп бүткөн соң, аны менен таанышуу учурунда эки жагдай ачылды. Биринчиси, УКМК тергөөчүлөрү иш материалдарын жасалмалаганы аныкталды. Бул абдан кескин мыйзам бузуу, бирок, көрмөксөн болуп койдук. Экинчиси, которулган документтерге баа бергенде, Мегакомго зыян келтирилген, деген доонун негиздүүлүгүнө шек келди. Андыктан, судья К. Архарова ишти көз карандысыз экспертизага жөнөттү. Экспертиза жүргүчө А. Абеков дагы 5 ай абакта отурду. Негизинен, көз карандысыз экспертиза жүргүзүп, коюлган айыптарды ар-тараптуу, негиздүү далилдер менен бекитүү – бул тергөөнүн иши. Башкача айтканда, тээ башында судья А. Субанкуловдун чечими туура болчу, ошондо эле биз, Жогорку сот, мыйзамдан чыкпаганыбызда, иш качан эле бүтмөк (ак чөп башта).

Эксперт ишти жыйынтыгы жок кайтарды. Себеби, зыян келтирилгенин, же келтирилбегенин аныктоо үчүн айыптоочу тарап тиешелүү документтерди эксперттин изилдөөсүнө бере алган жок. Судья К. Архаровада суроо туулду: «тастыктоочу документтер болбосо, анда тергөөчү зыян келтирилгенин кантип аныктады?». Ушул негизде судья К. Архарова ишти кайтадан прокуратурага жөнөттү. Токтомдо тергөө кемчиликтери оңдолуп, коюлган айыпка ишенимдүү далилдер таап келинсин, деп көрсөтүлгөн. Прокуратура бул чечимге макул болбой, кайрадан даттануу менен кайрылды. Экзаменге даярдануунун ордуна экзаменаторго улам жалбырап жабышкан студенттей болуп, Жогорку сотко да келишкен. Прокуратура менен АКСтин талабы боюнча А. Абеков күнөөлүү, андыктан, аны эч кандай экспертизасы, ишенимдүү далилдери жок эле соттош керек, бул иш «Биринчинин» жеке көзөмөлүндө, андыктан, тез бүтүрүп, катуу жаза колдонуу керек. «Биринчиге» туура, так маалымат жеткирилдиби, деп сураган киши жок. Катуу кысым артынан, бул жолу да макул болдук. Ал ортодо А. Абеков дагы 4 ай камакта отурду.

Эми иш судья А. Молдобаевге келди. Териштирүү учурунда айыптын бир эпизоду тергөө учурунда өзүнчө бөлүнүп, ал боюнча тергөө аяктай элеги билинди. «Тергөө бүтө элек болсо, анда ишти кантип сотко өткөрдүңөр?», деген суроого прокурор: «Зыян келтирилбегенин билебиз, бирок, айыптоону баары бир колдойбуз жана өкүм чыгарууну суранабыз», деп жооп берди. Урматтуу депутаттар, бизде, юристтерде, ар бир кылмыштын объективдүү жана субъективдүү жактары толук болуш керек. Ансыз айыптоо мүмкүн эмес. Мисалы: өлгөн адамдын денеси болбосо – адам өлтүрүү беренеси жок; жоготуу болбосо – уурулук жок; зыян келтирилгени аныкталбаса – кыянаттык жок. Аны төө деле түшүнөт, бирок, тергөөчүлөр менен прокурорлор түшүнбөдү (биз түшүнөбүз, бирок, кээде көз жумуп коебуз). Бул жерде прокурор өзү сотто зыян келтирилбегенин айтып жатпайбы. Судья эмне кылсын…

Ал ортодо, документтерди изилдөө учурунда бюджетке төлөнгөн салыктар айыпка кошулуп кеткени аныкталды. Аз да эмес, 6 миллион сомдон ашык. Зыяндын өзү күмөн болуп турса, эми салыктар кошулду. Мамлекеттик бюджетке түшкөн салыктар кантип мамлекетке зыян келтирсин? Прокурор мындай айыптарды колдоп отурса, камаса, эртең ким салык төлөйт? Судья А. Молдобаев прокурорду Баш прокуратурага барып, жетекчиликке иштин жагдайларын толук түшүндүрүп, соттук териштирүүнү туңгуюктан чыгаруу үчүн эстүү кадам көрүүнү сунуштады. Салыктар боюнча документтер жана кенен түшүндүрмө ошол кездеги Баш прокурор Аида Саляновага берилди. Ошондо Аида Жеңишбековна: «Абековду салыктары менен чогуу соттогула, болбосо, өзүңөрдүн башыңар алынат», деп, катуу табыштаган.

Судья А. Молдобаев басымга туруштук бере албай, ишти кароодон четтетүү өтүнүчүн кабыл алды. Ал ортодо А. Абеков дагы 5 ай камакта отурду.

Кийинки судьялар чуулгандуу ишке киришпей эле баш тарта баштады. Бул туура чечим, себеби, судьялардын этикасына ылайык, эгер судья иш боюнча калыс, көз карандысыз чечим чыгара албастыгын билсе, ал андай ишти кароодон өзү баш тартыш керек. Ортодо Алмаз Абеков дагы 3 ай абакта отурду.

Бир жолу Бишкек шаардык сотунун шалаакылыгынан иш материалдары жоголуп кетти. Көрсө, аны башка иш менен Жогорку сотко жиберип салышыптыр. Ары-бери териштирип, иш материалдарын тапкыча А. Абеков дагы 3 ай камакта күтүп отурду. Шалаакылык келтирген Бишкек шаардык сотунун судьясына чара көрсөк болмок, бирок, эми, урматтуу депутаттар, түшүнөсүздөр да, кантсе да коллега эмеспи, шалаакылык болгон сайын бири-бирибизди жеп отурсак, акыры кимибиз калабыз? Байкамаксан болдук.

Кийинки судья М. Ибраев бул иш менен бир жылга жакын алышып отуруп, акыры кайрадан экспертизага жөнөттү. Прокуратура бул чечимге да даттанып, акыры Жогорку сот 5 айдан кийин бул даттанууну биротоло канааттандырды.

Азыр иш судья Э. Каиповдун кароосунда. 2016-жылдын 25-январь күнү кабыл алган. Эмдигиче иш негизинен карала элек. Ортодо 2 айга окууга барып келди, ал да керек. Эми 4 жылдан ашык отурган А. Абеков дагы 2 ай кантип чыдабасын…

Иштин дагы бир тому англисче экен, эми аны да которуу керек. Андан башка экспертиза, 75 күбөнү суракка алуу дегендери бар. Айтор, соттук териштирүүнүн жакынкы 2 жылда бүтүшү күмөн.

Жыйынтыктап кетсем, урматтуу депутаттар, бул чатак иштин мынчалык созулушунда А. Абековдун күнөөсү жок. Кептин баары тергөөнүн шалаакылыгында жана бийликтин басымында. Алмаз Абеков болгону өз укуктары менен колдонуп, соттук териштирүүнү мыйзам нугунан чыгарууга жол бербей келе жатат. Бул иш буюртма болгонунан, Баш прокуратура менен АКСтин кызыкчылыгынан жана Мегакомдун акча каражаттарын көзөмөлдөп турган саясий топтун кызыкчылыгы… баары биригип, жалгыз Алмаз Абековду соттоо аракетин көргөнүнөн, бизге басым күчтүү. Ойлоп көрсөңөр, эмне деген бийлик, эмне деген акча!? Ачыгын айтсак, биз, судьялар, көрүп турабыз, бул иш боюнча айып өкүм чыгаргандан көрөк коенду жумуртка туудурган оңой. Аны туура түшүнүңүздөр, урматтуу депутаттар. Де-факто зыян келтирилбегендиктен, биз мыйзам чегинде айып өкүм чыгара албайбыз. Андай өкүмдү мыйзамсыз жол менен гана чыгарууга болот. Болбосо, бийлик эртең болбосо бүрсүгүнү алмашат, а биз эмне болобуз? Мыйзамдуулук эмне болот? Элдин, ага-туугандын, балдарыбыздын бетин кантип карайбыз? Кантип ээн-эркин жер басабыз?

Ошондой, урматтуу депутаттар, иш кыйын. А бирок, Алмаз Абековго баа беришибиз керек. Ушунча басымга сынбаган кайраттуу, билимдүү, токтоо жигит экен. Оюндагысын бербеген өжөр экен. Андан кийин мен-менсигендердин канчасын «сындырдык», бу бала «күнөөм жок, билгениңерди кылгыла», деп түрмөдө отурса, айла калбай калат экен. Башкалар тозокко түшкөндөй көргөн УКМКнын түрмөсүн тоготпой койду. Баш-аягы 8 жолу ачкачылык жарыялап отуруп, өз укугунан бир да алдырбады. УКМКнын күчүн ушундан көр, бир жолу ачкачылык жарыяласа, соттун чечими, өкүмү жок эле соттолгондор жазасын өтөп жаткан колонияга алып барып тыгып салган. Аны да тоготподу. А. Абеков мейли, бирок УКМКнын соттоло элек адамды «зонага» айдап жибериши чоң маселе туудурат. Муну мыйзамсыз репрессиянын туу чокусу десек жаңылышпайбыз, 38-жылдардан бери мындай болгон эмес. Бир нерсе кылсаң – дароо жооп кайтарат. Шайлоого катыштырбай койдук эле (абакка түшкөндү адам көрбөй, укугун тебелеп көнүп калбадыкпы), К. Турганбековду баш кылып, үч судьябыздын айласын кетирди. Тигилер эмдигиче «Абеков» дегенде калчылдайт. Эми ал шайлоого катышпай койсо эмне болмок эле, же анын жалгыз добушу бир нерсе өзгөртмөк беле… жок, тырышып туруп Баш прокуратурага да чаң салды. Ошондой, укук, мыйзам дегенде кайтпаган жигит экен.

Менин жеке оюмда, мындай жигиттердин орду абакта эмес, булар өлкөнү өнүктүрчү балдар. Айла жок, эмне кылалы, жогору жактан «телефон чалуу» болмоюн, бул бала отура берет.

Алмаз Абековду камакка алуу башынан эле мыйзамсыз болчу, КПКнын 110-беренеси мындай иштер боюнча камакка алууга тыйуу салат. Алмаз Абековду куугунтуктайбыз деп, дегеле бузбаган мыйзамыбыз калбады. Ага карабадык, эми «жемишин» көрүп отурабыз. Бул иш прецедент болуп калды, соттун өкүмү жок эч ким 4,5 жыл абакта отурган эмес, анын үстүнө же адам өлтүрбөсө, же террорист болбосо, коомго коркунуч туудурбаса, ал тургай прокурор өзү «зыян келтирген эмес», деп жатса… Эми бул бала БУУ адам укуктары комитетине кайрылса бетибиз калбайт, себеби, бийлик тарабынан мыйзамсыз куугунтукка алынганы анык.

Алмаз Абековду куугунтуктоодо менин да жеке үлүшүм бар. Бир нече жолу бул ишти карап, бийликтин басымына баш ийгем, мыйзамсыз чечим кабыл алгам. Өкүнөм. Кечирип койгула. Оңолууга аракет кылам, деп убада берем.

Силерди терең урматтоо менен,

Төраганын орун басары                                                               К. Эсенканов

Добавить комментарий:

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.